Орусиялык хоккейчи, АКШнын Washington Capitals хоккей командасынын капитаны Александр Овечкин Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоо кыймылын баштаганын жарыялады. Ал 2-ноябрда өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасында жазган билдирүүсүндө "Путиндин командасы" деген социалдык кыймыл баштаганын айтты. Ал эч качан Путинди лидер катары жактырарын жашырбаганын жана аны ачык эле колдоп келгенин кошумчалады.
32 жаштагы Овечкин Москвада төрөлгөн. Ал Орусиянын атынан эл аралык таймаштарда 30 жолу ойноп, үч ирет дүйнө чемпиондугун жеңип алган. Овечкин 2004-жылдан бери Washington Capitals командасында ойнойт.
Овечкин кийинчерээк сөздөрүн оңдоп, бул саясий билдирүү эместигин, болгону өз өлкөсүн жана мамлекет башчысын колдоп жатканын айтты.