Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Кыргызстандык гиддер окуудан өтүштү


Соң-Көлдөгү чет элдик турист
Соң-Көлдөгү чет элдик турист

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, 29-октябрда гиддерге эл аралык эрежелерди үйрөткөн окуу аяктады. Дүйнөлүк туристтик гиддер ассоциациялар федерациясынын (WFTGA) мүчөлөрү 39 катышуучуга саякаттарды пландоо, гиддер катышкан турларды өткөрүү, туристтик жайларга байланыштуу маданий жана тарыхый маалыматтарды издөө ыкмаларын үйрөтүштү.

Бул тренингди АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү максатында уюштурган.

Окуунун биринчи бөлүгүндө катышуучулар бир жума теория жагын изилдесе, экинчи бөлүгүндө Бишкек шаары жана анын айланасы боюнча турларды иш жүзүндө көрүштү.

Тренингдин экинчи жумасында катышуучулардын арасынан эң мыкты 15 гид бир жумалык тренер болуу курсунан өтүштү. Алар WFTGA уюмунун аккредитациясын алгандан кийин, эл аралык адистерге кайрылбай эле, мындай тренингдерди өздөрү өткөрө алышат.

Быйыл жыл башында USAID Кыргызстандын бардык аймактарынан келген гиддер үчүн тоодогу жөө саякат боюнча тренинг өткөргөн болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG