Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:32

Трамптын Твиттери 11 мүнөткө өчүрүлдү


АКШ президенти Доналд Трамп.

2-ноябрда "Твиттер" социалдык тармагындагы АКШ президенти Доналд Трамптын @realdonaldtrump деген аккаунту жоголуп кетип, 11 мүнөттөн кийин калыбына келтирилди. Твиттер компаниясынын жетекчилиги президенттин баракчасын жумуштан кетип жаткан кызматкер өчүрүп салганын түшүндүрдү. Ошондой эле жетекчилик бул боюнча ички иликтөө башталганын кошумчалады.

2009-жылы ачылган Трамптын баракчасына 41 миллиондон ашуун адам катталган. Президент бул жеке аккаунтунан саясий билдирүүлөрдү жасап турат.

XS
SM
MD
LG