Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Казакстан чек араны ачуу үчүн беш шарт койду


Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков жана Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев.
Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков жана Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев чек ара ачылышынын беш шартын КМШ өкмөт башчыларынын Ташкенттеги жыйынынын кеңейтилген олтурумунда сүйлөгөн учурунда атады.

Жыйында андан мурда сөз алган кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаковдун айткандарын “корректүү эмес” деп атаган казак премьери расмий Астана Бишкектен “беш принципиалдуу” багыттагы ишти көргүсү келерине токтолду:

- Биринчиси - Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын ЕАЭБнын салыкты администрациялоо боюнча эрежелерине ылайыкташтыруу. Экинчиси - мыйзамсыз экспортко, анын ичинде контрафакт продукцияга бөгөт коюу. Үчүнчүсү - кыргыз тараптан товарларга ЕАЭБнын талаптарын сактоо үчүн ветеринардык-санитардык, фитосанитардык көзөмөлдү такай жана эффективдүү жүргүзүүсү, Төртүнчүсү - Кыргызстан экономикалык союзга мүчө өлкөлөрдүн транспорт мыйзамдары бузулушуна жол бербей, алдын алуусу. Бешинчиси - контрабандага, кыргыз-казак чек арасынан маңзаттардын, куралдын, ок-дарынын жана башкалардын мыйзамсыз өтүшүнө жол берилбеши.

Премьер-министр Сапар Исаков казак өкмөт башчысы алдында сүйлөгөн учурунда Казакстандын чек арада көрүп жаткан чараларын “кыргызстандык жана чет элдик жүк ташуучулар үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратуу” деп баалаган эле.

Кыргыз өкмөт башчысынын пикиринде, казак-кыргыз чек арасындагы азыркы кырдаалдан эки коңшу өлкөнүн эле эмес, үчүнчү мамлекеттердин да ишкерлери зыян тартууда.

XS
SM
MD
LG