Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

Өзбекстанда коллеждин окуучусу теңтушун бычактады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Кокон шаарындагы мунай жана газ өнөр жайы коллежинин он алты жаштагы окуучусу 3-ноябрда теңтушун бычактады. Күбөлөрдүн айтымында, окуя окуу жайдын короосунда болгон. Жараат алган жабырлануучу реанимацияга жаткырылган.

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматы жазып чыккандай, бычак сайган жана жараат алган окуучулардын курдаштары экөө көп убакыттан бери өз ара пикир табыша албай жүргөнүн маалымдашкан.

Кол салган окуучу кармалганын Кокон шаардык ички иштер башкармалыгы билдирген. Окуя боюнча Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 105-беренеси менен (атайлап денеге жаракат келтирүү) кылмыш иши козголду.

Соңку жылдарда Өзбекстанда коллеждеги өспүрүмдөрдүн бири-бирине бычак менен кол салган жана сабаган учурлары көп байкалууда.

6-октябрда Ташкенттеги юридикалык коллеждин окуучусу эки курдашына бычак сайган. Бири ошол жерде каза таап, экинчиси оор абалда ооруканага түшкөн. Майда Ташкенттеги медициналык коллеждин окуучусун ошол элек окуу жайдын балдары катуу сабап, ал бейтапканада каза тапкан. Мартта Ташкент техникалык коллежинин биринчи курсунун окуучусу кызганычтан башка коллеждин баласын бычактап, жарадар кылган.

XS
SM
MD
LG