Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Бишкекте бир үй жана үч автоунаа өрттөнүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Гагарин жана Люксембург көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки кабаттуу турак жайда 3-ноябрдын түнү өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, андан аталган үй жана анын жанындагы “Мерседес Спринтер”, “Жигули”, “УАЗ” үлгүсүндөгү үч машине күйүп кетти. Өрттүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түздү. Тилсиз жоо 5 саат аралыгында өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Расмий маалыматка караганда, 2017-жылдын сегиз айында өлкөдө катталган өрт кырсыктарынан 44 киши каза болуп, 21и ар кандай жаракат алышты. Быйыл өткөн жылга караганда өрт кырсыктары 12,4 пайызга көп катталып, материалдык чыгымдар 378 миллион сомдон ашкан. Жалпысынан 2557 өрт кырсыгы орун алган.

Чагылган жана күн өтө ысык болгон убактан тышкары өрт кырсыктарына негизинен кайдыгерлик, балдардын этиятсыздыгы, өрт коопсуздук эрежелерин сактабоо, чылым тартуудагы, электр каражаттарын колдонуудагы шалаакылык себеп болгон. Өрт кырсыктары боюнча Чүй облусу менен Бишкек шаары алдыда.

XS
SM
MD
LG