Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Картер Пейж орус чиновниктери менен жолукканын моюнга алды 


Картер Пейж Орусияга болгон сапарында. 2016-жыл. (Архив)
Картер Пейж Орусияга болгон сапарында. 2016-жыл. (Архив)

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо алдындагы штабынын мурдагы кеңешчиси Картер Пейж Орусия добуш берүүлөргө кийлигишкен деген иш боюнча чалгын комитетинде көрсөтмө берди. Бул тууралуу The New York Times гезити билдирди.

Маалыматка караганда, Пейж 2016-жылдын июлунда, АКШдагы президенттик шайлоонун алдындагы Москвага сапарында орусиялык чиновниктер менен кезиккенин моюнга алды.

"Мен бир нече киши менен тез саламдашкам. Болду", - деген Пейждин сөзүн The New York Times жазды. Пейж бул кишилердин бири кайсы бир жогорку кызматтагы аткаминер болгонун белгилеген.

Сапардан кийин Пейж Трамптын кеңешчиси болуп иштебей калган, калган кеңешчилер андан алыстаган деп жазат аталган басылма.

АКШ президенттик шайлоого Орусия кийлигишкен болушу мүмкүн деген маалыматты иликтөөнү улантып жатат.

XS
SM
MD
LG