Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Москва: «Орус маршында» бир нече киши кармалды


Москвадагы улутчулдар жүрүшү. 4-ноябрь, 2016-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Москвадагы улутчулдар жүрүшү. 4-ноябрь, 2016-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Москванын Люблино районунда улутчулдардын "Орус маршында" бир нече киши кармалды. "Дождь" телеканалы кабарлагандай, алар "Кара блок" кыймылынын мүчөлөрү.

Акциянын уюштуруучуларына баннерлерди көтөрүп чыгууга уруксат берилген эмес "Жаңы оппозиция" кыймылынын мүчөлөрү Роман Ковалев менен Владимир Ратников лозунгдардын тексти бийлик менен макулдашылганын айтышты. Уюштуруучулар баннер көтөрүп чыгууга уруксат алуу үчүн арыз жазууга кеткенден кийин, полиция үн күчөткүч аркылуу жүрүш бүткөнүн жарыялаган.

Бүгүн эртең менен "Орус маршына" катышып жүргөн бир нече кыймылдын активисттери текшерүүгө кабылганы белгилүү болду.

Улутчулдар акциясы Москванын эки жеринде, Люблино району менен "Октябрь талаасы" метросунун жанында өтүүдө. Полиция жүрүш башталчу жерге келгендерди катуу текшерүү менен өткөрүп жатканы, металл аныктоо жабдуусунда кезек пайда болгону маалымдалды.

Жүрүштүн расмий сайтында акцияда миграцияга тыюу салуу, коррупцияга каршы күрөшүү, интернет эркиндигин чектебөө, президенттин жана өкмөттүн отставкасы талап кылынары жазылган.

XS
SM
MD
LG