Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Түркияда 50 күндөн бери ооруканада жаткан кыргызстандык кыз көз жумду


50 күндөн бери Деңизли шаарындагы оорукананын реанимация бөлүмүндө эсине келе албай жаткан 22 жаштагы Ширин Бейшембекова 4-ноябрда каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан билдиришти. Ден соолугун тобокелге салып иштеп жүргөн кыздын дарты өтүшүп, эки бөйрөгү иштебей калган. Консулдук анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү боюнча уюштуруу иштерин өз мойнуна алат.

2017-жылы Түркиядан Кыргызстанга жети "жүк -200" жөнөтүлгөн.

Түркияда расмий каттоодон өткөн кыргызстандыктардын саны 19 миңге жакын болсо, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттардын саны мындан алда канча көп. Негизинен кыргызстандык эмгек мигранттары Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап эмгектенишет. (ElB)

XS
SM
MD
LG