Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Трамп Жапонияга баратат


Дональд Трамп жубайы менен.
Дональд Трамп жубайы менен.

АКШ президенти Дональд Трамп Азия боюнча алгачкы сапарында биринчи болуп Жапонияга барат. Трамптын визити Пхеньян менен Вашингтондун тирешүүсүнөн улам Корей жарым аралындагы кырдаал мурдагыдай эле чыңалып турган учурга туш келүүдө. 4-ноябрда сапарга аттанган президент Гавайи аралдарына токтоп, 5-ноябрда Йокота базасындагы америкалык жана жапон аскерлеринен кабар алат.

АР жана Reuters агенттиктеринин кабарлашынча, “гольф дипломатиясынын” алкагында АКШ президенти Трамп жапон премьер-министри Синзо Абе менен гольф ойнойт. Быйыл февраль айында Абе менен Трамп Флоридада жолуккан учурда дагы ушундай мелдеш өткөрүшкөн.

АКШ президенти алдыдагы 11 күн ичинде Жапония, Түштүк Корея, Кытай, Вьетнам жана Филиппинге бармакчы. Бул визиттин башкы максаты – аталган өлкөлөрдү Түндүк Кореянын маселесин чечүүдө АКШны колдоого ынандыруу деп билдирет президенттик администрациядан.

XS
SM
MD
LG