Бишкекте бүгүн таңга маал болгон жол кырсыгынан беш киши каза болду. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын орун басары Иманалы Саркулов “Азаттык” радиосуна маалымдады.
- Мендеги маалымат боюнча үч машине кагышып, беш киши каза болуптур. "Тойота" үлгүсүндөгү машине катуу ылдамдыкта келе жатып биринчи алдындагы автоунааны артынан сүзөт. Анан каршы тилкеге чыгып, каршысында келаткан автоунаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан кийин өрт чыккан. Натыйжада беш киши каза болду. Азыр сөөктөр өлүкканада, алардын тек-жайы такталып жатат. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кырсык Бишкектин Чыңгыз Айтматов жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде ("Азия молл" соода борборуна жакын) бүгүн таңкы саат бештер чамасында орун алган. Интернетке тараган сүрөт, видеолордо кагышкан машинелердин бири күйүп кеткенин көрүүгө болот.
Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыктарынан 600дөн ашык адам каза болду.