Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Кыргызстан БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү уюмуна 385 миң доллар карыз


Кыргыз өкмөтүнүн Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү уюмуна (ЮНИДО) мүчөлүк акы үчүн топтолгон бересеси 385 миӊ долларды түзөт. Аталган сумма 1993-жылдан бери топтолуп калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку Кеӊеште “БУУнун ЮНИДО уюмуна карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Анда мүчөлүк карызды беш жылдын ичинде баскыч-баскыч менен төлөп берүү каралган. Буга чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети карыз үчүн 75 287 евро гана төлөгөн.

Ошондой эле маалыматта Кыргызстан ЮНИДО программасынын алкагында өнөр жайды өнүктүрүүгө ири каражат алуу үчүн алгач мүчөлүк карыздан кутулуу керек экени жазылат.

XS
SM
MD
LG