Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Саудияда ханзаадалар жана министрлер жемкорлукка айыпталууда


Падыша Салман мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман менен.
Падыша Салман мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман менен.

Сауд Арабиянын падышасы Салман мураскор ханзаада Мухаммед бин Салмандын бийлигин чыңдоо үчүн бийликтеги эки маанилүү лидерди кызматтан кетирди.

Ошондой эле 5-ноябрда 11 ханзаада, төрт министр баштаган бир нече аткаминер жемкорлукка айыпталганы маалым болду. Расмий билдирүүдө айыпталгандардын аты аталган жок.

Бирок Саудия бийлиги кийинчерек миллиардер Алвалид бин Талал, мурдагы каржы министри Ибрахим Ал-Ассаф да шектүүлөрдүн катарында экенин билдирди.

Маалыматтарда 81 жаштагы падыша Салман ички коопсуздук жана экономика министрлерин да алмаштырды. "Ал-Арабия" мамлекеттик телеканалы Халед бин Аяф Улуттук гвардиянын башында турган ханзаада Митеб бин Абдуллахтын ордуна дайындалганын ачыктады.

Митеб бин Абдуллах 32 жаштагы ханзаада Мухаммед бин Салман тактынын мураскери деп аталардан мурда падышанын ордун баса турган адам катары кабылданып келген. Ал 2015-жылы көзү өткөн Абдулла падышадан калган акыркы тукум эле. (BCh)

XS
SM
MD
LG