Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Каржылык чалгындоо кызматы 121 каржылык иликтөө жүргүздү


Бул тууралуу Каржылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2017-жылдын тогуз айлык отчетунда айтылат. Отчеттогу маалыматка ылайык, 121 каржылык иликтөө негизинен кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоого жана террористтик, экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого байланыштуу болгон. Иликтөөнүн жыйынтыктары жана материалдар укук коргоо органдарына жиберилген.

Кыргызстандын каржылык чалгындоо кызматы өткөн жылы терроризмдин каржылоо булактарын аныктоо боюнча он беш материал чогултулганын отчетунда жарыялаган. Ошол шектүү каржылык операцияларга катышы бар 714 адамдын иши атайын кызматка өткөрүлүп берилген. Терроризмге каршы күрөшүү борборунун сунушу менен каржылык чалгындоо кызматы Кыргызстанда үч миңге чукул адамдын каржылык операцияларын текшерүүгө алган.

XS
SM
MD
LG