"Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын адам укугуна арналган тасмалар боюнча кинофестивалы 6-ноябрда башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.
Фестивалга 40тан ашуун тасма келип түшкөн. 15 кишиден турган атайын топ алардын ичинен мыктыларын тандап алып, көрармандарга сунуштайт. 20-ноябрга чейин созула турган фестиваль быйыл "Адам укугу жана эркиндиги туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында" деген ураандын алдында өтөт.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалы быйыл он биринчи ирет уюштурулууда. Жыл сайын дүйнөнүн ондон ашуун мамлекетинен тасмалар сунушталып, жеңүүчүлөр Бишкекте сыйланат. "Азаттык" радиосунун журналисттери даярдаган бир нече фильм бул фестивалга катышып, байге алган.