Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:29

Москванын Большой театрында бир нече миң адам эвакуацияланды


Москвадагы Большой театр
Москвадагы Большой театр

Бомба коюлган деген коркутуулардан кийин Москванын Большой театрында бир нече миң адам эвакуацияланды. 5-ноябрда кечки саат 7де кезектеги театралдык көрсөтүү башталаар алдында 3,5 миңден ашык киши имараттан чыгарылганын Орусиянын ТАСС жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Сентябрь айынан бери анонимдүү коркутуулардан улам Орусиядагы мектеп, университет, мейманканалар жана өкмөттүк имараттардан он миңдеген адамдар эвакуацияланды. Алардын бирөөндө да бомба табылган жок.

5-ноябрда Метропол мейманканасы жана Кызыл аянттагы ГУМ имаратында да эвакуация болду.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы удаалаш бомба коркутууларын уюштурган төрт орус жаранын аныкташканын октябрь айында билдирген.

XS
SM
MD
LG