Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Быйылкы тогуз айда салыктар 9,1% көп чогулду


Мамлекеттик салык кызматы тогуз айда 52 млрд 37 млн сом салык чогултулуп, белгиленген план 100 пайызга аткарылганын маалымдады. Ошондой эле быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 9,1% салык көп чогулган.

Негизинен жер казынасын пайдалануу, кыймылсыз мүлк, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн салыктар убагында төлөнгөн. Мындан тышкары Кумтөрдүн дүң кирешесине жана башка алтын иштеткен компаниялардын кирешелерине, ЕАЭБден импорттоого салыктар жүз пайыздык көрсөткүчтөн жогору өлчөмдө чогултулган.

Ошол эле мезгилде быйылкы тогуз ай үчүн 2 млрд 843,7 млн сомдук салык төлөнгөн эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG