Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Техаста чиркөөдөгү кол салуудан набыт болгондордун саны 26га жетти


Сазерленд Спрингс чиркөөсү кол салуудан кийин
Сазерленд Спрингс чиркөөсү кол салуудан кийин

Дагы 20 чакты киши жаракат алганын Техастын губернатору билдирди. Анын айтуусунда, алардын айрымдарынын абалы оор. Өлгөндөрдүн арасында балдар жана карыялар да бар.

Полициянын маалыматы боюнча, чиркөөгө 26 жаштагы Дэвин Патрик Келли кол салган. Күбөлөрдүн айтуусунда, кара кийимчен Келли чиркөөгө кирери менен ок чыгарган. Чыга бериште ага жергиликтүү тургун ок аткан. Ошого карабай кол салган киши унаасына түшүп, качып кетүүгө үлгүргөн. Көп өтпөй талкаланган унаанын ичинен Келлинин сөөгү табылган. Азырынча ал өз жанын өзү кыйганы же атышуу учурунда алган жаракатынан өлгөнү белгисиз. Полициянын маалыматы боюнча ал октон коргоочу кийимчен болгон.

Атышуу 5-ноябрда Техас штатындагы Сан-Антонио шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 50 чакырым алыстыктагы Сандерленд Спрингс аймагындагы баптисттердин чиркөөсүндө болгон. Бул кол салууга байланыштуу президент Дональд Трамп көңүл айтуусун Жапониядан туруп жолдоду.

XS
SM
MD
LG