Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:06

Тажикстанда кумсалар менен иштеген уюм ишмердүүлүгүн токтотту


“Жашоо жолу” коомдук уюму жети жылдан бери Согди облусундагы кумсалардын укугун коргоп келген.

Уюмдун жетекчилиги буга чейин бир нече жолу басымга кабылышканын маалымдады. ​“Жашоо жолунун” башчысы Альбина Ишкуватованын айтымында, жүдөткөн бир нече текшерүүлөрдөн кийин уюмду жабуу чечими кабыл алынган. Прокуратура уюмдун ишмердүүлүгүн текшерип, гранттык каражаттарды уурдоо же максатсыз пайдалануу учурларын тапкан эмес.

“Бир нече гана кемчиликтер болду – кызматкерлердин эмгек китепчелери жана жеке баракчалары толук толтурулбай калыптыр. Андан тышкары алардын тиешелүү билимдери болгон эмес. Бизге эскертүү беришти. Биз администрация, өрт кызматы жана прокуратуранын текшерүүлөрүнөн чарчадык жана ишмердүүлүгүбүздү токтотуу чечимин кабыл алдык”, – деди ал.

Бул арада көптөгөн бейөкмөт уюмдар коррупция менен күрөшүү жана коомдук уюмдар жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргенден кийин иштөө шарттары кыйындаганын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG