Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Атамбаев Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алды


Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кыргызстанга 4-ноябрда келген.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кыргызстанга 4-ноябрда келген.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. 5-ноябрда болгон жолугушууда кыргыз-өзбек мамилесиндеги маанилүү маселелер тууралуу сөз болду. Анда тараптар эки өлкө башчыларынын мамлекеттик иш сапарлары учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу зарылчылыгын белгилешти. Ошондой эле транспорт, туризм жана соода-экономикалык тармакта биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну да сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кыргызстанга 4-ноябрда иш сапар менен келген. Ал буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушкан.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-6-сентябрда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип кеткенден кийин эки өлкө ортосундагы буга чейин жабык турган чек ара бекеттери ачылган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Ташкентке 5-6-октябрь күндөрү мамлекеттик сапар менен барган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG