Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Адвокат: УКМК Салянованы мамлекеттик күзөткө алуусу зарыл


Аида Салянова
Аида Салянова

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын адвокаты Улан Жумаков аны Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик күзөт менен камсыз кылышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу Жумаков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

“Салянова Башкы прокурор болуп турганда анын мамлекеттик резиденциядагы коттеджин көрсөтүп берүүнү талап кылгандар Улуттук гвардиянын аскерлерин сабап кетишкен. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, Бишкек шаардык милициясында дагы эле тергелүүдө. Аида Салянова Башкы прокуратураны жетектеп турганда уюшкан кылмыштуулукка каршы активдүү күрөш жүргүзгөн. Бүгүн анын бир тууган иниси Улан Саляновду өлтүрүштү. Бул окуялар Салянованын коопсуздугу жана өмүрү коркунуч алдында экенин көрсөтүп турат” дейт Жумаков.

“Мамлекеттик күзөт жөнүндө” мыйзамдын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мамлекеттик күзөткө алуу” деп аталган 8-1-беренесинде: “Өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган учурда депутат төрага аныктаган тартипте мамлекеттик күзөткө алынышы мүмкүн” деп жазылып турат.

Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган 42 жаштагы Улан Саляновдун үйүнө бүгүн түнү беткапчан, куралчан адамдар кирип келип, аны атып өлтүрүп кетишти.

Аида Салянова парламенттеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын депутаты. 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы "кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган" деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Депутат жазасын кийинчерээк - наристеси 14 жашка чыккан соң өтөйт деп айтылды. Сот өкүмүнө Аида Салянова өзү жана анын адвокаттары макул эместигин дароо билдирип, өкүмдү жокко чыгаруу арызын шаардык сотко жолдошкон. Чечимди Салянова жана анын өнөктөштөрү саясий куугунтук деп баалап келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG