Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 06:26

Мөңгүлөрдү сактап калууга арналган акция өтөт


Кумтөр

Жарандык активисттер президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, мөңгүлөр боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кол койбоого чакырышат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна “Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева билдирди.

Анын айтымында, 8-ноябрда Ак үй алдында нааразылык акциясы өтөт, анда активисттер тобу Жогорку Кеңешке жана мамлекет башчыга кайрылып, парламент комитети үчүнчү окууга жөнөткөн “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун токтотууга чакырышат.

Өкмөт бул кодексти кабыл алуу өлкөдөгү башка мөңгүлөрдү сактоого өбөлгө болот деген ишенимде. Бирок коомчулук ал Кумтөр кениндеги мөңгүлөрдүн эришин мыйзамдаштырат деп сынга алууда.

Кыргызстанда алты миңге жакын мөңгү бар. Адистердин эсебинде, соңку 30-40 жылдагы глобалдык жылуулуктун натыйжасында миңдей мөңгү эрип кеткен.

Мөңгүлөрдүн эрип бараткан маселесин президент Алмазбек Атамбаев быйыл БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында көтөргөн эле. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG