Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:28

Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Улан Саляновго кол салгандар Аида Саляновадан өч алууну көздөгөндөр болушу мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, Саляновага буга чейин да кол салуу аракеттери болгон. Мындан улам “Ата-Мекен” фракциясы Салянованын коопсуздугун камсыздоо талабы менен УКМКга кайрылат.

- “Ата-Мекен” фракциясы Аида Салянованын коопсуздугун коргоп берүү талабы менен УКМКга кайрылып жатабыз. Анткени Салянова Башкы прокурор болуп турганда көптөгөн чуулгандуу иштер боюнча кылмыш иш козгогон. Ага өчөшкөн адамдар абдан көп. Буга чейин “Ала-Арча” резиденциясында жашап жатканда анын үйүнө, автоунаасына кол салуу болгон. Бул боюнча шаардык милицияга кайрылганбыз. Бирок эч кандай жыйынтык жок, - деди Шыкмаматов.

6-ноябрга караган түнү, саат 01:30дар чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда 42 жаштагы Улан Саляновду белгисиз адамдар атып кетишти. Маркум мурдагы Башкы прокурор, парламенттеги оппозициялык “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси.

Ички иштер министрлиги бул кол салуунун саясий себеби жок деп билдирди. Учурда кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Аида Салянова парламенттеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын депутаты. 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы "кызматынан кыянатчылык менен пайдаланган" деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Депутат жазасын кийинчерээк - наристеси 14 жашка чыккан соң өтөйт деп айтылды. Сот өкүмүнө Аида Салянова өзү жана анын адвокаттары макул эместигин дароо билдирип, өкүмдү жокко чыгаруу арызын шаардык сотко жолдошкон. Чечимди Салянова жана анын өнөктөштөрү саясий куугунтук деп баалап жатышат. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG