АКШ президенти бул тууралуу 6-ноябрда Токиодо Жапония премьер-министри Синзо Абэ менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн кийин билдирди.
АКШ менен Жапония Түндүк Корея режиминин “коркунучтуу агрессиясына” каршы туруу үчүн чогуу иштеп жатат деген Трамп Пхеньянга карата “стратегиялык сабырдуулук доору аяктады”, анын өзөктүк ракета программасы “цивилизациялуу дүйнө, эл аралык тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн коркунуч” деген турумун кайталады.
Жапон премьери Абэ өз өлкөсү Түндүк Корея маселесинде АКШ менен “100 пайыз бирге экенин” белгиледи.
Бүгүн АКШ президентинин Азиядагы он эки күндүк сапарынын экинчи күнү. Анда негизги көңүл Түндүк Кореянын өзөктүк, ракеталык программасы менен соода маселелерине бурулууда.
Трамп Жапониядан соң Түштүк Корея, Кытай, Вьетнам жана Филиппинге барат. (UE)