Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Бельгия соту мурдагы каталон лидерин шарт менен бошотту


Каталониянын мурдагы лидери Карлес Пучдемон
Каталониянын мурдагы лидери Карлес Пучдемон

Брюсселдеги сот Каталониянын мурдагы лидери Карлес Пучдемонду жана анын өкмөтүнүн төрт мүчөсүн шарт менен бошотууну чечти. Испан өкмөтү аларга борбордук бийликке баш ийген эмес деген негизде айып тагып, камакка алуу ордерин чыгаргандан кийин аталган каталон жетекчилери жекшембиде өздөрү Бельгия полициясына багынып беришкен.

"Рейтер" агенттиги алардын баш коргоо чарасы боюнча соттук угуу 10 сааттан ашык убакытка созулганын кабарлады. Анын жыйынтыгына ылайык, Пучдемон баштаган мурдагы каталон жетекчилери сот Испаниянын ордерин толук карап бүтмөйүнчө Бельгиядан чыкпашы керек. 15 күндүн ичинде кийинки соттук териштирүүгө катышуусу зарыл.

1-октябрдагы референдумдан кийин каталон парламенти 27-октябрда аймактын Испаниядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Андан көп өтпөй испан өкмөтү Каталониянын автономия макамын жоюп, аймакка түз башкаруу киргизген. Аны улай Пучдемон төрт кызматташы менен Бельгияга өтүп кеткен.

XS
SM
MD
LG