Иликтөөчү журналисттердин эл аралык концорциуму 100дөн ашык дүйнөлүк лидерлер жана саясатчылардын офшордук операцияларын ашкерелеген 13 миллиондон ашык документтерди ачыкка чыгарды. Ал документтер Appleby жана Asia City аттуу эки офшордук компанияга, ошондой эле Багама аралдары, Бермуда сыяктуу 20дай офшордук аймакта ишканаларды каттаган 19 мекемеге таандык.
Ачыкка чыккан маалыматтарда британ ханышасы Елизаветанын 13 миллион доллары офшордо айланып жүргөнү, АКШ соода министри Уилбур Росстун ишканасы орус президенти Владимир Путинге жакын адамдар менен кызматташары көрсөтүлгөн.
"Бейиш барактары" атка конгон бул долбоорго дүйнө жүзүндөгү 96 медиа каражаттары катышкан. Документтерди 67 өлкөдөгү 380ден ашуун журналист талдап чыгышкан.
Эл аралык консорциумдун буга чейинки "Панама барактары" долбоору да бир катар дүйнөлүк лидерлердин офшордук компаниялардагы изин таап чыгып, алардын кызматтан кетишине түрткү берген.