Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Иран ракета чабуулу боюнча Саудиянын айыптоосун четке какты


Йемендин баш калаасы Санадагы аба чабуулу, 25-август 2017-жыл.
Йемендин баш калаасы Санадагы аба чабуулу, 25-август 2017-жыл.

Иран Риядды бутага алган баллистикалык ракета боюнча Сауд Арабиянын айыптоосун четке какты. Саудия эки күн мурда баш калаасына Йемендеги шиит козголоңчулары ракета атканын, ал ракета орто жолдо атып түшүрүлгөнүн билдирип, бул окуянын артында Иран турат деп кабарлаган.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги 6-ноябрдагы билдирүүсүндө Йемендеги козголоңчулар Саудиянын "согуш кылмыштарына" жооп катары ракета учурганын, ага расмий Тегерандын эч тиешеси жоктугун белгиледи.

Сауд Арабия башында турган аскердик коалиция бул окуя "агрессия" жана "согуштук актка" тете кадам деп мүнөздөгөн. Риядга багытталган ракета чабуулунан кийин Сауд Арабия башында турган коалиция Йеменге бардык каттамдарды токтотту.

Йеменде араб дүйнөсү колдогон өкмөт менен исламдын шиит багытын карманган хусит козголоңчулары кармашып келет.

XS
SM
MD
LG