Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Путин Улуттук гвардиянын жоопкерчилигин кеңейтүүнү чечти


Орус президенти Владимир Путин
Орус президенти Владимир Путин

Орус президенти Владимир Путин региондордун жетекчилеринин коопсуздугун сактоо милдетин Улуттук гвардияга жүктөөнү көздөйт. Ал мындай өзгөртүүлөрдү "Улуттук гвардия жөнүндө" мыйзамга киргизүүнү сунуштады.

6-ноябрда Мамлекеттик Думанын сайтына жарыяланган мыйзам долбооруна ылайык, аймактардын жетекчилерин Улуттук гвардиянын аскерлери келишимдин негизинде коргоого алат. Күзөт кызматкерлерине төлөнө турган айлыкты өкмөт чечет. Учурдагы мыйзам боюнча, Федералдык күзөт кызматы региондордун жетекчилеринин коопсуздугун камсыз кылуу менен алектенбейт.

Орусияда Улуттук гвардия президентке түз баш ийет. Анын учурдагы башчысы Виктор Золотов 2000-2013-жылдары президенттин коопсуздук кызматын жетектеген.

Жаңы сунуш 2018-жылдын март айындагы президенттик шайлоонун алдында Орусиянын алыскы райондорун дагы тыкыр көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет деген пикирлер бар.

XS
SM
MD
LG