Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

"Керемет көч" 10 жашта


"Керемет көч" мультфильми
"Керемет көч" мультфильми

"Керемет көч" мультфильми 2006-жылы ЮНИСЕФ уюмунун демилгеси менен тартылып, 2007-жылы Улуттук телеканал жана башка аймактык ТВлар аркылуу кичинекей көрүүчүлөргө жете баштаган.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуонун белгилегени боюнча, он жылдык аралыкта "Керемет көч" тасмасынын 500дөн ашуун сериясы тартылган.

Аталган мултьфильмдин 10 жылдыгына байланыштуу атайын балдардын жана ата-энелердин катышуусунда Бишкек жана Ош шаарларында иш-чаралар болуп өттү. Ал эми 9-ноябрдан тарта Бишкекте жана Ошто кинотеатрларда акысыз көрсөтүлө баштайт.

Квинс университетинин иликтөөсүнө ылайык, "Керемет көч" тасмасын көргөн үч жаштан алты жашка чейинки балдардын 98% андагы каармандарды жакшы көрүп калышкан. Мультфильм балдардын жүрүм-турумун оңдоого, тамгаларды таанууга жана мектепке даярданууга чоң өбөлгө болгон деп айтылат иликтөөдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG