Президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөновдун демилгеси менен 6-ноябрда айрым маалымат каражаттарынын өкүлдөрү журналист, маркум Геннадий Павлюктун эстелигине барып, гүлчамбар коюшту.
Президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов сөз эркиндиги жана адилеттик үчүн жанын берген Павлюктун элеси эркин өлкөнүн маанисин көрсөтүп турарын белгиледи:
- Биз Геннадий Павлюкту эскерүү менен сөз эркиндиги үчүн күрөшкөндөрдү эстейбиз.
“Белый Парус” басылмасынын редактору, Геннадий Павлюк 2009-жылы декабрда Алматы шаарында киши колдуу болуп, каза болгон.
Укук коргоо органдары журналистке атайын кол салуу болгонун билдирген. Аны Алматыда көп кабаттуу үйдөн колу-бутун таңып, ыргытып жиберишкен. Анын өлүмү журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырылып келет.
2011-жылы 28-майда Павлюкка Бишкек шаарында эстелик тургузулган.
7-ноябрь Кыргызстанда Басма сөз жана маалымат күнү.(ZKo)