Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:24

Полиция Москваны Мальцевчилерден коргоону улантууда


Москвадагы полициячылар
Москвадагы полициячылар

Москванын борборунда полиция күнү-түнү нөөмөттө туруп, ары-бери өткөн адамдарды кармап жатканы тууралуу "ОВД-Инфо" маалымдады.

5-ноябрда Орусиянын бир катар шаарларында "революцияга" даярдык көрүүдө" деген шек менен 500гө чамалуу киши кармалган. Алардын арасында өспүрүмдөр, журналисттер, либертариандык "Адам Смиттин форумунун" катышуучулары бар. Москвадагы милиция бөлүмдөрүндө ондогон адамдар бүгүнкү күнгө чейин камалып турушат. Алардын айрымдары "терроризмге чакырык таштаган" деген берене боюнча сурак беришкен.

Дүйшөмбү күнү Санкт-Петербург шаарында Октябрь революциясынын 100 жылдыгына карата жүрүшкө чыгуу аракети үчүн "Башка Орусия" партиясынын 23 активисти кармалган.

5-ноябрда жалпы Орусия боюнча революция башталарын улутчул Вячеслав Мальцев бир нече жолу билдирген. Ал өзү чет мамлекетте, Орусияда ага издөө жарыяланган. Акыркы күндөрү Мальцевдин ондогон тарапкерлери кармалышкан.

XS
SM
MD
LG