Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:37

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы "Шамшад ТВ" телестанциясына жоочулар кол салып, имарат ичинде атышуу болуп жатканын "Азаттык" радиосунун ооган кызматына полиция билдирди.

Телеканалдын журналисттеринин жана кызматкерлеринин айрымдары имараттан чыгып кеткени маалым болду. Анткен менен дагы эле көптөгөн адамдар ичинде экени кабарланды.

Күбөлөрдүн айтымында кол салууну үч адам уюштурган, телеканалдын ичиндеги атышуудан беш адам курман болушу мүмкүндүгү боолголонууда.

Чабуул башталганы "Шамшад ТВнын" түз ободогу берүүлөрү токтотулду. Чабуул үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. "Талибан" кыймылы бул кол салууга тиешеси жоктугун дароо билдирди.

Былтыр "Толо" деп аталган Ооганстандагы ири жеке телеканалдын ичинде "Талибан" кыймылынын жанкечтиси жардыруу уюштуруп, жети киши мерт кеткен.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG