Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

HRW түркмөн укук коргоочусунун энесине жасалган кол салууну айыптады


Укук коргоочу Фарид Тухбатуллин энеси Халида Избастинова менен.
Укук коргоочу Фарид Тухбатуллин энеси Халида Избастинова менен.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму түркмөн укук коргоочусу Фарид Тухбатуллиндин үй-бүлөсүнө жасалаган кол салууну айыптады.

Укук коргоочунун Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашогуз шаарында жашаган энесинин үйүнө 28-октябрда кол салуу болгон. 76 жаштагы Халида Избастинованын батирине белгисиз бирөөлөр таш ыргытып, терезелерин сындырышкан. Избастинова жабыркабаганы менен өзүн жаман сезип, Тез жардам чакырууга туура келген.

Human Rights Watch 6-ноябрда тараткан билдирүүсүндө түркмөн бийликтерин кол салууну ачык айыптоого жана дыкат иликтөөгө чакырды. Уюм жетекчисинин Европа жана Борбор Азия боюнча орун басары Рэйчел Денбер бул кол салуу жөн жеринен болбогонун айтты.

- Бул окуя өкмөт активисттерди катуу көзөмөлгө алып жаткан маалда болду. Бийлик Тухбатуллиндин өзүнө жете албагандыктан, алар ага эскертүү берүүнүн башка жолдорун издеп жатышкандай, – деди Денбер.

"Түркмөнстан хроникалары" басылмасынын редактору Фарид Тухбатуллин бир топ жылдан бери чет жакта жашайт.

XS
SM
MD
LG