Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:19

АКШ президентинин Азия мамлекеттерине болгон сапары уланууда. 7-ноябрда Дональд Трамп Түштүк Кореяга барды. Ал Сеулда өлкө президенти Мун Чжэ Ин менен жолугушту. Эки президент Түндүк Кореянын ядролук амбицияларын талкуулаганы маалым болду. Тараптар Сеул менен Вашингтон ортосундагы соода алакалар боюнча да сүйлөшөрү күтүлүп жатат.

Трамп америкалык жана түштүк кореялык аскерлер менен түштөнүү учурунда Пхеньянга басым жасоо зарылдыгын белгиледи.

Бир күн мурда Америка президенти Жапонияда болуп, Токиону колдорун билдирген. Тараптар Түндүк Кореянын ядролук амбициясын "дүйнөдөгү туруктуулукка жана тынчтыкка каршы коркунуч" деп аташкан.

Трамп бул сапарынын алкагында Вьетнам жана Филиппинге да барары маалымдалган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG