Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Эстонияда орус жараны тыңчылыкка шектелип кармалды


Эстониянын баш калаасы Таллин шаары.
Эстониянын баш калаасы Таллин шаары.

Эстониянын Башкы прокуратурасы Москванын пайдасына тыңчылык кылган деп шектелген Орусиянын жараны кармалганын билдирди. Ал Эстониядан чыгып кетүүнү көздөп жатканда колго түшкөн.

Прокуратура тараткан маалыматка ылайык, Орусиянын жараны ФСБнын агенти катары Эстония мамлекетине каршы компьютер аркылуу чабуул жасоону көздөп жаткан деп шектелүүдө.

2015-2016-жылдары Эстониянын үч жараны Орусиянын чалгын кызматтары менен кызматташканы үчүн абакка кесилген.

Советтер Союзунун курамында болгон Эстония учурда Евробиримдикке жана НАТОго мүчө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG