Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Вьетнамдагы суу ташкыны 70тей адамдын өмүрүн алды


Вьетнамдагы ташкындан кийинки тазалоо иштери.
Вьетнамдагы ташкындан кийинки тазалоо иштери.

Вьетнамдын байыркы Хойан шаарында нөшөрлөгөн жаандан пайда болгон суу ташкыны 70 чамалуу адамдын өмүрүн алды. Суу али тартыла элек.

Жергиликтүүлөр тарткан видеолордо алар белчеден суу кечип, кайыктар менен жүргөнүн көрүүгө болот. Ошол эле учурда мындан 40 чакырымдай ыраактагы Дананг шаарында Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын саммити башталууда.

10-ноябрдан тарта ага катышканы бир катар өлкө лидерлери, анын ичинде АКШ, Кытай жана Орусия президенттери да келиши керек. Аба ырайына байланыштуу саммит программасы өзгөртүлгөн жок.

Анткен менен саммитке келген лидерлердин биринчи айымдарынын ЮНЕСКОнун мурастары тизмесине кирген байыркы Хойан шаарына пландалган сапары болбой да калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG