НАТОго мүчө мамлекеттер 9-ноябрда Ооганстандагы машыктыруучу күчтөрдүн санын көбөйтүүнү макулдашууга даяр. Бул тууралуу Түндүк аскерий альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг шейшембиде билдирди. Анын айтымында, Ооганстандагы аскерлердин санын дагы үч миңге көбөйтүү болжолдонууда.
Брюсселдеги маалымат жыйынында баш катчы жоокерлер түздөн-түз аскерий кагылышууларга катышпастыгын, алар жөн гана ооган жоокерлерин машыктырып, аларга жардам көрсөтөрүн айтты.
Кошумча күчтөрдүн жарымын АКШнын аскерлери, ал эми теңин альянска мүчө 29 мамлекеттин жана өнөктөш өлкөлөрдүн күчтөрү түзөт. 8-ноябрда Брюсселде НАТОго мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны өтүп, соңку чечим кабыл алынат.
АКШ президенти Доналд Трамп август айында Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялаган. Бир айдан кийин Кошмо Штаттардын коргоо министри Жеймс Мэтис Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын үч миңге көбөйтүү болжолдонуп жатканын айткан.
АКШ жана НАТО күчтөрү 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террордук чабуулдан кийин Ооганстанга кирген. Буга ошол учурда Ооганстандын башында турган талиптердин өкмөтү "Ал-Каида" баштаган террорчул топторго баш калка берди деген жүйө негиз болгон.
Бир нече жылга созулган кармаштан кийин талиптер бийликтен кол жууп, 2014-жылы Америка жана НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгып кеткен. Ооган жергесинде калган 8400 америкалык аскер жана НАТОнун 5000дей жоокери көбүнесе ооган армиясына кеңеш берүү жана машыктыруу милдетин аркалайт.