Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Сталиндик жазалоолор тарыхына арналган илимий жыйын болот


"Сталиндик репрессиянын күнөөсүз курмандыктары элдин эсинде" деген аталыштагы эл аралык илимий жыйын 8-ноябрда "Мурас" фонду, И.Арабаев атындагы КМУ ж.б. шериктер тарабынан уюштурулууда.

"Парк-отел" конок үйүндө саат 10:00до баштала турган бул илимий жыйынга президенттик аппарат башчысынын орун басары Мира Карыбаева катышмакчы. Ошондой эле эл аралык жыйынга кошуна өлкөлөрдөн да расмий өкүлдөр, тарыхчы окумуштуулар катышары күтүлүүдө.

Окумуштуулардын ырасташынча, сталиндик репрессиянын күчөгөн кези 1937–38-жылдарга туура келген. Жалпысынан СССР боюнча эки жыл ичинде 7 миллионго жакын адам камакка алынып, анын 1 миллиондон ашууну атып өлтүрүлгөн.

Калкынын саны миллионго жетпеген Кыргызстандын өзүнөн эле 40 миң адам репрессияга учурап, жок кылынган. Ал эми басмачылык кыймылы, бай-манап, кулактарды айдоо, ачарчылык сыяктуу окуяларды эске алганда, сталиндик запкыны жүз миңдеген кыргызстандык көргөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG