Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:57

АКШ президенти Доналд Трамп Сеулга барды


АКШ президенти Доналд Трамп Сеулда сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Кореяны өзөктүк амбициясын ооздуктап, сүйлөшүүгө келүүгө чакырды.

- Бардык тараптарга ыңгайлуу келишимдерге жетишүүгө убакыт келип жетти, - деди Трамп.

Ал эми Түндүк Корея менен түз сүйлөшүү жөнүндө суроого жооп берген жок.

Associated Press Трамптын сөзүндө жумшактык пайда болгонун белгилеп жазды.

Жакында эле Трамп Пхеньянга катуу эскертүү берген. Түштүк Кореяга жасаган сапары учурунда АКШ президенти Түндүк Кореяга байланыштуу маселеде "жакшы жылыш" бар экенин билдирген.

Шаршембиде ал Сеулда Улуттук ассамблеянын депутаттарынын алдына чыгып сүйлөйт.

Сеулдан кийин Трамптын сапары Бейжинге уланат.

XS
SM
MD
LG