Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Субанбеков: Адамдар жолдо чымын кырылгандай өлүп жатат


Бишкек-Ош жолундагы кырсык
Бишкек-Ош жолундагы кырсык

Жогорку Кеңеште жол коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүүдө. “Бир Бол” фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков бүгүнкү жыйында сүйлөп жатып жол кырсыктарында адам өмүрү “чымын өлгөндөй эле кырылып жатканын” айтып, өкмөттөн бул жаатта алдын алуу иштерин тез арада жакшыртууну талап кылды:

- Жаңы өкмөттүн программасындагы долбоорун тезирээк ишке киргизбесе жол кырсыктары улана берет. Бул кырсыктардын үч эле себеби бар. Биринчиден, жолдун мыйзамга жооп бербегендиги. Экинчиден, жолдогу көзөмөлдүн жоктугу. Үчүнчүсү – айдоочулар жол эрежесин сактабагандыгы. ИИМ, Каттоо кызматы, Транспорт министрлиги отуруп алып бир сунуш бериш керек. Союз учурунда 3-4 адам каза болсо жооптуу кызматкерлерге тийиштүү чаралар көрүлчү эле.

Соңку бир нече күндө Кыргызстанда жол кырсыктарынан жыйырмага жакын адамдын өмүрү кыйылды, арасында ымыркай бала да бар экени аныкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG