Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Бишкекте мөңгү мыйзамына каршы акция өтүп жатат


Акциянын катышуучулары
Акциянын катышуучулары

Бишкекте Ак үй алдында "Суу кодексине" сунушталган өзгөртүүлөргө каршы акция өтүп жатат. Ага жарандык активисттер, саясатчылар катышып, бул өзгөртүүлөрдү четке кагууга парламентти чакырып жатышат.

Ошондой эле алар кен казуу үчүн мөңгүлөрдү жок кылууга уруксат берүү боюнча өкмөттүн сунушун сынга алышты. Мөңгүлөрдүн жок болушу Кыргызстандын гана эмес Борбор Азиянын, дүйнөнүн экологиясына зыян алып келерин белгилешти.

Катышуучулар "Мөңгүдөн колуңарды тарткыла!", "Мөңгүнү сактайбыз!" деген ураандарды айтып турушат.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, акцияга 60тан ашык киши чогулду.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда "Суу кодексине" киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөткөн. Мыйзам долбоору парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилген.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Бийлик Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштоодо.

Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Экологдор Кумтөрдөгү ар кыл жардыруулар, муздарды бир орундан экинчи жайга көчүрүү мөңгүлөрдүн эришин тездеткенин билдирип келишет. Чет элдик компания мөңгүнүн эришин жаратылыштагы өзгөрүүлөр менен байланыштырган. (NT)​

Мөңгүлөрдү сактап калууга чакырган акция
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

XS
SM
MD
LG