Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:50

Дональд Трамп Түндүк Кореяга эскертүү жасады


Дональд Трамп Түштүк Корея парламентинде сүйлөөдө. 8-ноябрь, 2017-жыл.

АКШ президенти Азиядагы сапары алкагында бүгүн Бээжинге келди. Ага чейин Түштүк Кореядагы сапары учурунда бул өлкөнүн парламентинде сүйлөп жатып, Трамп Пхеньянга “өзөктүк курал аларды коопсуз кылбастан, алардын режимин олуттуу коркунучка кептей турганын” эскертти.

Түштүк Корея парламентиндеги сөзүндө Трамп Түндүк Кореяга кайрылып, “АКШны баалабай койбогула” деп эскертип, "дүйнө митаам режимдин өзөктүк кыйратуу коркутуусу менен келише албайт”,- деп белгиледи.

Трамп ошондой эле Ким Чен Ындын бийлигин “деспот режим” катары мүнөздөп, Пхеньянды адам укуктарын бузуп жатканы үчүн айыптады, дүйнөнү Түндүк Кореяны изоляциялап, “кандай формада болбосун аны колдообого жана кабыл албоого” да чакырды. Эгер Түндүк Корея баллистикалык ракеталарын өнүктүрүүнү токтотуп, өзөктүк куралдан толугу менен баш тартып жана текшерүүгө уруксат берсе, “өлкөнүн келечеги кыйла жакшы болорун” айтты.

Ак үй өкүлүнүн билдиргенине караганда, президент Трамп Бээжиндеги сапары учурунда Кытайдын лидери Си Цзинпинди Түндүк Корея менен каржы байланыштарын үзүүгө, БУУнун Пхеньянга каршы санкцияларын сактоого чакырат. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG