Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:13

НАТО жаңы эки командалык борбор түзөт


НАТО аскерлери Грузиядагы машыгууда. 9-август, 2017-жыл.
НАТО аскерлери Грузиядагы машыгууда. 9-август, 2017-жыл.

Баш катчы Йенс Столтенбергдин билдиргенине караганда, Түндүк атлантикалык альянс командалык эки жаңы борборду өз структурасын Орусиядан келген коркунучтарга жакшыраак ылайыкташтыруу үчүн түзөт.

Столтенбергдин айтымында, НАТОнун коргоо министрлери альянстын командалык структурасын кайра түзүү боюнча долбоорду Брюсселде 8-9-ноябрдагы жыйында макулдашат деп күтүлүүдө.

Маалыматтарга караганда, Кансыз согуш доорунун соңунда НАТОнун 32 командачылыгында 20 миңден ашуун кызматчы болгон, бирок кыскартуулардын жана кайра түзүүлөрдүн натыйжасында жети командалык борбордо 7 миң гана кызматчы калган.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялагандан кийин НАТО "Чыгыш фланг", Орусия "Батыш фланг" деп атаган аймактарда эки тарап тең аскерий турумдарын чыңдай баштады.

НАТО буга чейин Балтиканын үч өлкөсүндө жана Польшада курамы 4500дөй аскерден турган көп улуттуу төрт батальонду жайгаштырган.(UE)

XS
SM
MD
LG