Расмий Дамаск Париж келишимине “мүмкүн болушунча тез кол койо” турганын бул өлкөнүн экология министринин орун басары Вада Катмави Улуттар уюмунун климат боюнча Бонндогу конференциясында жарыялады.
2015-жылы келишимге 195 өлкө кол койгондо ага Сирия менен Никарагуа гана кирбей калган.
Буга чейин Париж келишимине кошуларын Никарагуа да билдирген болчу.
Муну менен келишимге каршы мамлекет катары жалгыз Кошмо Штаттары калууда.
АКШ келишимге 2015-жылы мурдагы президент Барак Обаманын тушунда кошулганы менен, азыркы президент Дональд Трамп өлкөсүн андан чыгарарын быйыл жайда жарыялаган.
Эми Сириянын келишимге кошулуу мүдөөсүн комментарийлеп жатып, Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерт “эгер Сириянын өкмөтү абага эмне бөлүнүп жатканына ушунчалык эле кабатыр болсо, ал өз ээлин ууламак (газ менен) эмес,- деп айтты.