Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:58

ТИМ: Самудинов жана Молдокадырова боюнча маалымат териштирилүүдө


Ренат Самудинов жана Элнура Молдокадырова. Сүрөт Самудиновдун Фейсбук баракчасынан алынды
Ренат Самудинов жана Элнура Молдокадырова. Сүрөт Самудиновдун Фейсбук баракчасынан алынды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова АКШга мыйзамсыз барган жеринен кармалды деген маалыматты териштирип жатат. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Бул маалымат учурда интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап жатат.

Самудинов КСДП партиясынын жаштар канатынын жетекчиси катары белгилүү. Кийин ал жана башка бир катар партиялаштары КСДП ичиндеги саясатка каршылыгын билдирип "Биздин партиябызды контрреволюционерлер менен миллионерлер, мурдагы диктаторлордун чиновниктери менен кошоматчылар басып алды" дешкен.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши 9-августта жыйынга чогулуп, Ренат Самудиновду партиядан чыгарганын, буга ал КСДПнын ички тартибин бузганы себеп болгонун билдирген.

Анын жубайы Молдокадырова КТРК каналында кабарчы болуп иштечү. Быйыл августта иштен кеткенде жумушунда бир катар тоскоолдуктарга тушукканын билдирген. Бирок КТРК жетекчилиги ал дооматтарды негизсиз деп атаган. (RK)

XS
SM
MD
LG