Президенттик аппараттын маалыматы боюнча, алты бөлмөлүү үй Нарын шаарынан 1 млн 180 миң сомго сатылып алынды. Үйдүн ачкычын президенттик аппарат башчысынын орун басары Мухамметкалый Абулгазиев 8-ноябрда тапшырды:
- Баарыңыздарга белгилүү, памирлик кыргыздарды көчүрүп келгенден кийин, Алмазбек аттуу чүрпөлүү болгонбуз. Бүгүн ошол чүрпөнү куттуктап, мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев үй берди. Үйдүн ичинде балага тиешелүү эмеректерин да кошуп берди.
Мухамметкалый Абулгазиев памирлик кыргыз Абдыбаит Жээнбек уулуна үйдүн ачкычын тапшырып жатып, жакында көчүрүлүп келген жалпы памирлик кыргыздарга билим алуунун зарылдыгын белгилеп өттү. Ошондой эле аппарат башчысынын орун басары президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Нарынга көчүрүлүп келген памирлик кыргыздардын ар бирине 50 миң сомдон тапшырды.
Октябрь айында Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздардын ичинен алты үй-бүлө Кыргызстанга алардын балдарын окутуу максатында көчүрүлүп келинген. Алардын ичинде кош бойлуу Жанбүбү Маматзайым кызы Кыргызстанга келип төрөп, баланы президенттин урматына Алмазбек деп атаган.
Ооганстандын Кичи Памир жана Улуу Памир өрөөндөрүн байырлаган кыргыздардын саны 2003-жылы 5 миңдей болсо, азыр 1,5 миңдин тегерегинде гана калды. Медициналык тейлөөнүн жоктугу, туугандар арасында бири-бирине үйлөнгөндөр эне-баланын өлүмүнүн эң жогорку көрсөткүчүн шарттап жатат.
Деңиз деңгээлинен 4,5-5 миң метр бийиктиктеги өрөөндө жашаган кыргыздар тууралуу маалымат кеңири коомчулукка негизинен ал жакка барып келгендердин фотокөргөзмөлөрү, даректүү тасмалары аркылуу белгилүү.(ZKo)