Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Москванын соту Навальныйдын Путинге каршы арызын четке какты


2018--жылдагы шайлоого президент Путин да катышып жеңип чыгары жана төртүнчү мөөнөткө барары күтүлүүдө.
2018--жылдагы шайлоого президент Путин да катышып жеңип чыгары жана төртүнчү мөөнөткө барары күтүлүүдө.

Бул тууралуу Алексей Навальныйдын Антикоррупциялык корундагы адвокат Иван Жданов билдирди.

Адвокаттын Фейсбук баракчасында жазганына караганда, Тверь райондук сотунун 8-ноябрдагы чечимине алдыда апелляция берилет.

Алексей Навальный президент Путиндин өзүн жана анын администрациясын сотко берип жатканын 1-ноябрда жарыялаган.

Оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциячыл активист Кремлди анын 2018-жылдын мартындагы президенттик катышуу аракеттерине координацияланган түрдө тоскоолдук жаратып жатканы үчүн айыптаган.

Навальный Орусия БШКсынын анын соттолгондугу жоюлбаганына байланыштуу президенттикке талапкер боло албайт деген бүтүмүнө карабай шайлоого катышуу аракетин көрүүдө.

Ал Орусия сотторунун өзүнө каршы буга чейин чыккан чечимдеринин баарынын саясий жүйөсү бардыгын айтып келет.

Навальный 2013-жылы Москванын мэрлиги үчүн ат салышып, 27% добуш алган.

Быйыл 21-сентябрда Европа кеңешинин чечим кабыл алуучу органы – Министрлер комитети орус бийликтерин Навальныйдын шайлоого катышуусуна уруксат берүүгө чакырган.

Расмий Москва бул билдирүүнү шайлоо алдында Орусияга “саясий кысым көргөзүү” аракети деп баалаган. (UE)

XS
SM
MD
LG