Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

НАТО Ооганстандагы миссиясын чыңдоону талкуулап жатат


НАТО башкатчысы Йенс Столтенберг (солдо) жана АКШ коргоо министри Жим Мэттис (оңдо) 27-сентябрда Кабулга барып, ооган президенти Ашраф Гани (ортодо) сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
НАТО башкатчысы Йенс Столтенберг (солдо) жана АКШ коргоо министри Жим Мэттис (оңдо) 27-сентябрда Кабулга барып, ооган президенти Ашраф Гани (ортодо) сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин бул жана башка маселелер каралган жыйыны Брюсселде өтүүдө:

- Коопсуздук кырдаалы (Ооганстанда) туруксуз бойдон калууда. Бирок ооган күчтөрү прогресс жасап, Талибандын стратегиялык максаттарына жол бербей жатат. Биз ооган күчтөрүн машыктыруу, жардам көргөзүү, кеңеш берүү жагынан эле эмес, каржылоо жагынан да колдоону улантабыз, согуштук миссияга кайтпайбыз. Биз НАТОнун машыктыруучуларынын санын 13 миңден келерки жылы 16 миңге көбөйтүүдөбүз. Оогандардын атайын операциялар боюнча күчтөрүн, аба күчтөрүн, аскерий академиялар менен мектептериндегилерди машыктырууга өзгөчө көңүл бурабыз,- деди НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг 8-ноябрда Брюсселден.

Ал АКШ өз тарабынан да Ооганстандагы аскерлеринин санын көбөйтүп жатканын кошумчалады.

АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын быйыл август айында жарыялаган. Сентябрда жаңы стратегиянын алкагында Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн санын 11 миңден дагы үч миңге көбөйөрү белгилүү болгон.

2014-жылга чейин АКШ жана анын өнөктөштүрүнүн Ооганстандагы аскерлеринин саны 100 миңден ашкан учурлар болгон.

Ошол жылдын соңунда НАТО Ооганстандагы согуштук миссиясын аяктагандан бери Талибан кыймылы кайра күч алып кетти.

Акыркы кездери кол салууларын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу дагы көбөйтүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG