Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Ишкерлердин сабаттуулугу талкууланат


Kyrgyzstan – plant, factory, zavod, production, workers, production, manufacture, generic, undated
Kyrgyzstan – plant, factory, zavod, production, workers, production, manufacture, generic, undated

ЖИА бизнес ассоциациясы уюштуруп жаткан талкууда жергиликтүү ишкерлердин сабаттуулугу, ишкерлик демилгеси тууралуу долбоорду бизнес жана каржы тилинде сабаттуу жаза албаганы тууралуу сөз болот.

Аталган биримдиктин директору Фархад Пакыровдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, ишкерлердин сабатсыздыгы алардын демилгелерин ишке ашыруу үчүн инвестиция тартууга тоскоол болууда:

- Быйылкы Бишкек инвестициялык форумунун алдында биз ишкерлер үчүн бизнес сабаттуулуктун негиздери боюнча семинарларды өткөрдүк. Максатыбыз - ишкерлердин бизнести башкаруу, инвесторлор менен иштешүү багытында жана инвестициялык долбоорлорду жазууга үйрөтүү болчу. Мындай окутууларды өткөрүү идеясы мурдагы эки жылда өткөн бизнес форумдун жыйынтыгында пайда болду. Анда биз ишкерлерден бизнес долбоорлорду чогулта албай кыйналган элек. Анткени, бизде көпчүлүк ишкерлер өз оюн финансы жана бизнес тилинде жеткире алышпайт экен.

Талкууда белгилүү бизнес жана инвестициялык аналитиктер өз пикирлери менен бөлүшөт. Иш-чара 8-ноябрда, Бишкекте болот.

ЖИА бизнес ассоциациясы тарабынан 2015-2016-жылдары Бишкек инвестициялык форуму өткөрүлгөн. Алгачкы форумдун жыйынтыгында ондон ашуун компания арасында жалпы суммасы 750 000 доллардан ашуун суммадагы макулдашуулар түзүлгөн. Былтыркы форумда 3 млн доллардан ашуун суммага бештен ашуун келишимдер жетишилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG