Жол эрежесин бузгандарга айыппулду 1 млн сомго көтөрүү жана 10 жылга чейин эркинен ажыратуу тууралуу мыйзам долбоорунун автору Дастан Бекешев бүгүн демилгеси тууралуу журналисттерге айтып берет.
Аны менен кошо жолдогу кырдаал, автокырсыктардын алдын алуу жана Кайгуул-күзөт кызматынын иши тууралуу аталган кызмат жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов кеңири маалымат берет.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жол кырсыгынан орто эсеп менен күнүнө үч киши каза табат. Буга көбүнчө айдоочулардын жол эрежесин сактабаганы себеп экени айтылып келет.
5-ноябрда Бишкекте "Тойота-Камри" автоунаасынын айдоочусу ылдамдыкты ашырып жиберип, эки унааны сүзүп, натыйжада өзү менен кошо беш кишинин өлүмүнө себеп болгон.
6-ноябрда Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен жүргүнчү ташып бараткан жеңил автоунаа кагышып, 10 киши набыт кеткен. Ошол эле күнү кечке жуук Бишкек-Манас жолунда катуу келе жаткан БМВ унаасы бакка урунуп, ичиндеги беш кишинин төртөө жан берген.
7-ноябрда бир үй-бүлө бара жаткан унаа Чүй каналына түшүп кетип, 42 жаштагы айдоочу алты жаштагы уулу менен кошо өлгөн. 40 жаштагы жубайы, 18 жаштагы уулу жана 15 жаштагы кызы аман калган.(ZKo)